Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Бишкекте өзгөчө кыздын колун сындырган психолог алты жылга кесилди


Окуя тартылган видеодон алынган кадр.
Окуя тартылган видеодон алынган кадр.

Бишкектин Ленин райондук соту аутизмдин оор формасына чалдыккан кыз Наристе Нурлановага орой мамиле кылып, колун сындырган психолог Илья Ананьевди алты жылга абакка кесип, ал сот залынан камакка алынды. Мындай өкүмдү райондук сот 12-декабрда чыгарганын “Балдар укугун коргоо лигасынын” башчысы Назгүл Турдубекова билдирди.

Кыздын апасы Чынара Жунусованын маалыматына караганда, ал кызын Бишкекте жеке психологго алып барып көрсөтүп жүргөн. 2024-жылдын 23-декабрында Илья Ананьев кызга орой мамиле кылып, колун сындырып салган. Окуя видеого түшүп калган.

Наристе Нурланованын колуна беш ирет операция жасалып, катуу коркуп калгандыктан аны калыбына келтирүү иштери уланып жатат.

Чынара Жунусова буга чейин күнөөлүүлөр жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатканын билдирип, Акыйкатчы институтуна, бийликке кайрылып жардам сураган.

Аутизм – адамдын жүрүм-турум, башкалар менен мамиле куруудагы өзгөчө абалы. Аутизми бар адамдар дүйнөнү башкача кабылдайт. Алар башка адамдар менен мамиле түзүүдө, оюн айтууда кадимки кишилердей боло албайт. Ошондой эле кызыккан нерселери да чектелүү болот.

Кыргызстанда аутист балдар иш жүзүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, алар үчүн атайын даярдоо класстары жок. Жалпы билим берүүчү мектепке албайт. Ата-энелер түзгөн саналуу фонддор, коомдук бирикмелер аутист балдарды окутуу, кулк-мүнөз терапиясын ишке ашырып келет. Бирок мындай борборлор өтө аз. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG