Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Кыргызстан

Кадамжай. 7-декабрда жол кырсыгы болгон жер.
Кадамжай. 7-декабрда жол кырсыгы болгон жер.

Баткенде бир үй-бүлөдөгү үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы териштирилип жатат. 7-декабрда кечинде Кадамжайда, Ош–Раззаков унаа жолунда болгон кырсыктан жубайлар жана өспүрүм кызы каза болду. Кырсыкка себепчи деп шектелип жаткан айдоочу ички иштер кызматкери экени айтылууда.

Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылында жол кырсыгынан каза болгон бир үй-бүлөдөн үч адам жерге берилди. Ата-энеси жана 16 жаштагы өспүрүм кызы 7-декабрдагы жол кырсыгында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаада болгон. Маалыматка караганда, аларды Ford пикап катуу ылдамдыкта каршы тилке менен келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Daewoo Tico машинасынын ичинде бараткан 38 жаштагы келин жана 16 жаштагы кызы ошол жерде каза болгон, ал эми унааны айдап бараткан атасы оор жаракат алып, "Тез жардам" менен ооруканага жетпей көз жумган. Бул тууралуу Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Бектемир Маматов билдирди.

Окуя саат 19:45 чамасында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндө катталган. Бул Ош–Раззаков унаа жолунун бир бөлгү.

Үрөй учурган кырсык болду деп айтып берди күбөлөрдүн бири, өзүн Максат деп тааныштырган тургун:

“Биз келгенде Daewoo Tico унаасынын тамтыгы чыгып жаткан экен. Машина такыр эле жарабай калган да, дээрлик жарымы жок. Ичинде адамдын тирүү калышы мүмкүн эмес болчу. Ford унаасы каршы тилке менен өтө катуу ылдамдыкта келди деп айтышты. Эми бул жерде ылдамдыкты 50дөн ашырбай айдаш керек деген белги деле бар. Анын айдоочусу Ошто милициядабы, ГАИдеби иштейт экен деп айтышты ошол жердегилер”.

Жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөнүн артында беш баласы жетим калды. Азырынча алар таенесинин камкордугунда турат. Үй-бүлө жана балдарды коргоо комиссиясы жакынкы арада алар боюнча өз чечимин чыгарат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Таш-Дөбө айылынын башчысы Абдинаби Кенжебаев ансыз деле бул үй-бүлө колдоого муктаж болуп, социалдык үйдө жашап турганын айтып берди:

“Мурдараак бул үй-бүлө бул жактагы там-ташын сатып, Өзбекстанга көчүп кеткен. Бирок ал жакта бир аз жашап, турмушу оор болуп, кайра келишкен. Келгенде үйү жок, кайра турак жай кыла алышпады. Турмуш шарты оор эле. Бул жакта Араб фонддору менен чогуу курулган социалдык үйлөр бар. Жергиликтүү бийлик ошол үйдө жашап тургула деп киргизген болчу. Алты баласы бар эле. Азыр эми беш баласы калды. Аларды азырынча таенеси карап жатат. Тажиясы өткөндөн кийин балдарды кимге калтырат, кандай болорун атайын комиссия карап чечет. Балдар үйүнө береби же жакындарынын колунда калабы, шарт-жагдайына карайт. Кырсык экен да, жаман окуя болду”.

Ford пикапты башкарып бараткан айдоочу Кадамжайдан Ошко жолго чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматында иштери айтылып жатат.

Ош шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү Эржигит Паизов бул тууралуу "Азаттыкка":

"Азыр териштирүү жүрүп жатат. Ал МАИ кызматкери деп жатышат. Териштирүү иштеринен кийин гана жооп бере алам", - деп билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматынын башчысы Шеркул Турганбаев:

"Кызматкер Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүндө иштеген. Ал окуя болгон күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деди.

Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу кармалып, тергөө жана тиешелүү экспертиза жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Кылмыш иши “Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу” беренеси менен козголуп, Ford пикаптын 35 жаштагы айдоочусу Т.Т. Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы маалымдалды.

Кыргызстанда акыркы беш жылда жол кырсыктарынан 3800дөн ашуун киши каза болду. Бул - күнүгө унаа жолдорунда эки кишинин өмүрү кыйылат дегендик. Соңку он жылда унаа кырсыгынан 120 миңден ашык киши жаракат алды. Авариянын кесепетинен жарым жан болуп, өмүр бою анын азабын тарткандар бар.

Айрым эксперттер Кыргызстандагы жол кырсыктарынын кесепетин согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөгү абалга дагы салыштырышат.

Бийлик жол кырсыктарын алдын алуу, өлүмдү болтурбоо чаралары көрүлүп жатканын айтып келатат. Бирок буга катар эле айдоочулук күбөлүк кызылдай акчага сатылган мезгилдер болгон. Жолдорго коюлган байкоочу камералар, олчойгон айып пулдар дагы кырсыктарды ооздуктай албай жатат.

Коңшу Ош облусунда өткөн айда эки-үч күндө жол кырсыгынан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылган. Ош–Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан машине менен жеңил автоунаа кагылышканда беш киши мүрт кеткен. Алардын тажиясынан кайтып келатканда дагы беш киши каза болгон. Ага чейин Бишкек–Ош жолунда дагы эки киши көз жумган. Милиция рейд өткөрүп, айрым жергиликтүү милиция жетекчилери иштен алынган.

Манасчылар Асанаалы Калил уулу (солдо) жана Рысбай Исаков. Коллаж.
Манасчылар Асанаалы Калил уулу (солдо) жана Рысбай Исаков. Коллаж.

Манасчы Асанаалы Калил уулунун белгисиз бирөө менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жатканы 10-декабрда социалдык тармакка тарап кетти.

“Ии мына, мурдумду ийрейтип койбодубу мынакей. Мурдумду ийрейте койду, тишимди каната койду, мурдум ийрейип калды”.

Видео чыккандан көп өтпөй Асанаалы Калил уулуна манасчы Рысбай Исаков кол көтөргөнүн жазгандар болду. Чырга “Манас” театрынын жетекчилиги аралашканы дагы айтылууда.

Ал арада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңжалга байланыштуу атайын комиссия түзүп, театрдын жетекчисин кызматтан убактылуу четтеткени маалым болду.

Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков учурда окуя териштирилип жатканын билдирди.

“Бул окуя өз ара пикир келишпестиктен чыккан тура. Аны кийин угуп калдык. Дароо эле министрдин тапшырмасы менен комиссия түзүлдү. Комиссия баштаган топ жеринен көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Азыркы учурда ошол боюнча чечимдер даярдалууда. Азыр кандай жыйынтык болорун айтпай турабыз. Анткени биз менен катар укук коргоо органдары да иштеп жатат. Урушуп кеткенден кийин жабырлануучу тарап арыз жазган экен. Алардын жыйынтыгын да күтөбүз. Анан ошого жараша кошумча маалымат беребиз”.

10-декабрда токмок жеген манасчынын жубайы жергиликтүү басылмаларга чыр-чатак "Жаратман манасчы" сынагына байланыштуу чыкканын айткан. Асанаалы Калил уулу “сынак калыс өткөн жок” деген пикирин билдирген.

Союзбек Надырбеков бул маалыматты ырастаган жок. Ал буга чейин өткөн сынактарда деле майда-барат таарынычтар болуп келгенин, бирок мынчалык жаңжалга жетпегенин кошумчалады.

“Жаратман манасчы” сынагы быйыл май айында жарыяланып, 18-22-октябрда “Манас” театрында өткөн. Ага манасчылар Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Кулмат Сыдыков жана Асанаалы Калил уулу катышкан. Жобого ылайык, катышуучулар 10 саатка чейин "Манас" айтып, жети окуяны камтыган, 15 миң ыр сабынан турган жеке вариантын жазышкан.

Сынактын жеңүүчүлөрү 4-декабрда, "Манас" эпосунун күнү Улуттук филармонияда белгиленгенде анык болгон. Рысбай Исаков менен Замирбек Баялиевге баш байге катары 2 млн сомдон ыйгарылган. Кулмат Сыдыков 300 миң, Асанаалы Калил уулу 200 миң сом менен сыйланышкан.

Чырдашкан дагы, сынакка катышкан башка манасчылар менен дагы байланышып, пикирлерин угуу аракетибизден майнап чыккан жок. “Азаттык” бардык тараптарга микрофон сунууга даяр экенин эске салабыз.

Рысбай Исаков макала жазылып бүткөндөн кийин, кечинде Фейсбук баракчасына видео кайрылуу жасады.

"Кадырман калк үч күндөн бери Асанаалы экөөбүздүн ортобуздагы маселе жалпы уу-дууга айланып кетти. Бул Асанаалы экөөбүздүн ортобуздагы жеке маселе болчу. Асанаалы ошол учурдагы кырдаалды эске алып көрөлү. Сен менин ачуума тийдиң, мен балким сенин ачууңду келтирдим. Ушул нерсени өзүбүзчө чечип алалы деп үч күндөн бери артыңдан жолуга албай жүрөбүз. Жеке мен өзүм эмес, анын башында Назаркул Сейдракманов өзү баш болуп жүрөбүз. Эл, жалпы журттан дагы бир жолу кечирим сурайм. Жеке маселени жалпы уу-дууга алдырып, "Манас" дүйнөсүнө сөз тийгизип алгандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Асанаалы жеке маселени жеке чечели. Манас дүйнөсүнө, Манас ааламына, "Манас" театрына сөз тийгизбейли. Экөөбүз бири-бирибизди кечирише турган жердебиз. Кел, кечирим сурашалы", - деген Рысбай Исаков.

"Рысбай урду дегенге ишенбейм"

Аталган театрдын мурдагы жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу болуп өткөн окуяга ишене албай турганын айтууда.

Азиз Биймырза уулу.
Азиз Биймырза уулу.

“Мен шайлоого катышып, чоң атам өтүп кетип Таласта жүрдүм. Кечээ шаарга келсем эле уу-дуу болуп жаткан экен. Бирок, бир билгеним Рысбай агай анчалыкка барбайт болчу. Мындан жаман окуяларда да өзүн токтоо кармап жүрчү. Рысбай агай, Нурбек кошулуп "кабинетте сабады" дегенин абсурд катары бааладым. Асанаалы байкенин жубайы №4 оорукана, Улуттук госпитал кабыл албай койгонун жазып жатат. Чындап эле абалы оор болуп жатса жаткырат эле да. Башка манасчы кол көтөрүшү мүмкүн... Бирок, Рысбай агай ага барбайт, бирөөгө катуу айтпаган, сабырдуу киши. Асанаалы мен курдуу жигит, Рысбай агай бизден кыйла улуу. "Эр чекишпей бекишпейт" дейт. Бул окуяны коомчулукка чыгаруунун кажети жок эле. Окуянын чоо-жайын билбей туруп, сырттагы эле адамдардын "театр жабылсын" деп жазып жатканын көрүп кыжырым келди”.

Азиз Биймырза уулу чырды сынакка катыша албай калган айрым манасчылар ич күйдүлүк менен көбүртүп, ырбатып жиберди деген ойдо.

Ал эми манасчы Самат Көчөрбаев чыр белгилүү адамдар болгону үчүн элге тарап кетти дейт.

“Эки манасчы болгону үчүн ушундай жагдай жаралды деп ойлойм. Аттуу-баштуу болгондуктан жоопкерчилик эки кишиде. Сабыр болуш керек. Улуусу кичүүсүнүн, кичүүсү улуусунун кыялын көтөрүп коюшу керек дегенге кошулам. Чырды өз көзүм менен көрбөгөн соң бирдеме деш кыйын. Экөө жарашып, такташып ала турган жагдай болуп калды”.

"Ырысын көтөрө албай жатышат"

Драматург Бурул Калчабаева кыргыз маданиятынын жүзү болгон манасчылардын соңку жоругуна кейиди. Ал бул ызы-чууну бирөөлөр уюштурдубу деп күмөн санап турганын жашырган жок.

Бурул Калчабаева.
Бурул Калчабаева.

"Биздин улуу муун, төкмө болобу, манасчы болобу билимдин баркын билген. Эч качан мушташка аралашкан эмес, бири-бирин жамандаган эмес. Булардын жоругу жолдо калсын. Манасчылыкты токоч таап жеген кызыкчылыкка айлантып алышты. Көпчүлүгү кайыптан аян алып, эс-учунан танып айткан манасчы эмес. Кайыптан аян келгендердин акыркысы Кааба манасчы (Кааба Атабеков-ред.) болчу. Ал киши биздин айылдан эле. Кээде талаада талып калганда атам үйгө чейин көтөрүп келип, башына жаздык төшөп койгонун көп көргөм. Токтоно албай калганда этегинен бирөө тартып же көтөрүп ары алып кетчү. Кийин ал киши чоң манасчы болуп кетпедиби. “Манас” бул аяр, ооз толтуруп айтпай турган ыйык касиет да. Илгери керек болсо балага Манас, Семетей, Сейтек деп ат коюшчу эмес. Тергеп айтышчу. Азыркы көрүнүш уят эле иш болду. Же бул ичинен ирип келип, жарылган нерсеби? Кандай болгон күндө да элге шардана болбош керек эле. Эми элдешеби же жокпу өздөрү билет дечи. Бирок булардын айынан Түкөгө (Түгөлбай Казаков-ред.) чейин, башка кишилерге да тил тийип жатат. Атайын уюштурулган ишпи деп да ойлойт экенсиң. Ырысын көтөрө албай жатат да бул манасчылар. Качан эле аларга миллиондоп байге койчу эле? "Манас" театры түзүлгөндөн бери төкмөлөргө деле, манасчыларга деле байге берилип жатат. Бул жакшы. Бирок жасалмалуулукту пайда кылып жатпайбы”.

Манасчылык өнөр демекчи, айрымдар жаңжалдын шарданы менен балдарды топтоп, жапырт манас айттыруу көрүнүшүн да сынга алышкан. Былтыр Сузакта үч миң окуучу катышкан ушундай иш-чарада дөңдөн ылдый жылган машине балдарды коюп кетип, 30дан көп окуучу жабыр тартып, ондон ашууну ооруканага түшкөн болчу.

Журналист, публицист Жыргалбек Касаболотов эпостун өзүн да, манасчыларды да ар кандай максатта колдонгусу келген аракеттерди сынга алгандардын бири.

Жыргалбек Касаболотов.
Жыргалбек Касаболотов.

“Бардык нерсенин өзөгүн таза сакташ керек. Миң бала топтоп, манас айттыруу салтта жок. Бир киши айтат, калганы угат. Аны баарына жаттатып айттыруунун кажети жок. Жөндөмү барлар өзү айтат. Азыр “Манаска” байланыштуу көп тыюулар аткарылбай калды. Манасчылар улуу мурасты алып жүргөн кишилер. Өздөрү ошону сезиши керек. Көр оокатка, сый-ургалга, Гиннесске кызыкпашы керек. "Манаска" Гиннесстин, пиардын кереги жок. Менимче, манасчыларды жарыштыруу, бири-бирине атаандаштыруу туура эмес. Кызыл менен жашылды кантип салыштырасың? Алар өз-өзүнчө керемет дүйнө да. Айтыштыруу төкмөлүккө жарашат. Бирок "Манас" деген чоң дүйнө да. Мен андай сынактарга көп катышкам. Аларга баа бергенден көрө, угуп отурган жаккан. Албетте, манасчыларга кам көрүш керек, колдош керек, бирок жарыштыруу туура эмес. Жарыш болгон жерде сөзсүз пендечилик ойгонот".

"Манасты изилдөө уланышы керек"

Манасчыларга соңку жылдары мамлекеттен да, демөөрчүлөр тараптан да колдоо көрсөтүлүп келет. "Манас" эпосунун күнүндө ишкер Нургалы Асаналиев жети манасчыга батир тапшырган.

Жыргалбек Касаболотов манасчыларга мындай колдоо көрсөтүлгөнүнө каршы эмес. Бирок ошол эле маалда мамлекет же демөөрчүлөр "Манасты" изилдөө ишине да каражат жумшоону унутпаса деген оюн ортого салды.

“Манас деген чоң дүйнө да, изилденбесе, чечмеленбесе музейдик экспонат катары эле кала берет. "Манас" эпосунда улут аралык мамилелер, гуманизм, айкөлдүк баштаган жакшы сапаттар камтылган. Аларды окумуштуулар изилдеп, идеологияга айлантышы керек. Азыркы күндө андай иштер жүргөн жок. Демир Кадыров деген окумуштуу “Манас” - тирүү эпос" деп айткан. "Илиада" жана "Одиссейдей" өлүү эпос эмес. Манасчылар бар, алар дагы заманга жараша кошуп айтат дегендей. Ошондон улам "Манас" эпосу ар кандай коомдорго жараша өзгөрүп турган экен. Изилдөөчүлөрдүн маалыматына таянсак, эпостун баштапкы варианттарында диндин таасири анчалык болбоптур. Кийин диндин таасири күчөгөндө ошондой сюжеттер кирип кеткен. 500 жылдан кийин кыргыздар космосту багындырса, ал дагы сюжет болуп кошулушу мүмкүн. Биз аны азыр билбейбиз. Бирок эпос улуттук дагы, дүйнөлүк дагы маданияттын мурасы. Ошондуктан мунун динамикасын туура байкап, түбүн таза кармап, сактап калууга тийишпиз”.

PhD доктор, "Манас" улуттук академиясынын Эл аралык байланыштар секторунун башчысы Дабыт Абдылбары уулу эпосту изилдөө илимдин негизинде жүрүшү керек дейт:

Дабыт Абдылбары уулу.
Дабыт Абдылбары уулу.

"Манасты илимий жактан изилдөө мезгил талабынан калбай турган ири тема. Мен дайыма айтып келем, "Манасты" кандай гана деңгээлде болбосун илимдин негизинде пропаганда кылышыбыз керек. Биздин үгүтүбүз кургак ураан менен калса, Манас илиминдеги жаңы ачылыштар, жаңы технология, башка илимдердин көз карашынан изилденбесе, эски нерседен эл тажайт. Биринчи, илимий жактан изилдеш керек. Анан ошону элге жеткириш керек. Азыр китепти, чоң эмгектерди массалык маданияттын таасири каптап кетти. Интеллигенция өкүлдөрү да интернет тармактары аркылуу өз жетишкендиктерин эл менен бөлүшкөндү билиши керек".

Акыркы мушташ манасчыларга байланыштуу биринчи чыр эмес. Буга чейин да айрымдары коомчулук көзүнө илинген. Алсак, 2022-жылы “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Анын бул жоругуна президент Садыр Жапаров пикирин билдирип, “манасчы деп жүрсөм пиарчы экен" деп сынга алган. Манасчы кийин өлкөгө кайтып келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолуккан.

Ошол эле 2022-жылы манасчы Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн "Манас жумалыгына" катышкан. Анда 124 саат манас айтып, Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор китебине тынбай үн чыгарып окуу багытында катталган. Анын манас айтып жатып жаңылган учуру интернетке тарап, тамаша, шакабаларга негиз болгон.

Улуттук макамга ээ “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Учурда 80дей киши эмгектенет. Кыргызстанда андан тышкары “Манас” улуттук академиясы бар.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG