Оштогу “Келечек” базары шаардын сыртына курулуп жаткан “Жибек жолу” жаңы базарына 2026-жылдын март айында көчүрүлмөй болду.
Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы базардын курулушу менен таанышкан учурда билдирди. Ал “Келечекти” көчүрүү негизи кийинки жылдын январь айында башталат деп пландалганын, бирок суук түшкөндүктөн соодагерлерди убара кылбай, жазында көчүрүү чечими кабыл алынганын кошумчалады.
2024-жылы Ош шаарындагы сел Ак-Бууранын боюндагы борбордук базарды каптаган соң калаа сыртына жаңы базар курула баштаган. Быйыл шаардын ичиндеги “Бексултан”, “Кийим-кече” базары, ошондой эле Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын жана боёк сатуучу базарлар “Жибек жолуна” которулган.
“Келечек” базарынын соодагерлери жаңы базарга көчүрүлүшүнө каршылык билдирип, бир нече ирет акция өткөрүшкөн. Алар базарда 1200дөй адам соода кыларын, контейнерлерди, соода түйүндөрдү убагында мыйзамдуу жол менен чоң акчага сатып алышканын, колунда “кызыл китептери” бар экенин айтышкан. Башка базарга көчүрүү менен алардын жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип, кийин мэрия менен мунасага келишкен. (BTo)